салмоор
- диал. Күмүштөн жасалган чоң, жалпак сөйкө.
- диал. Чий чырмаганда жипке байланып ылдый салаңдатып коюлган таш.
- диал. Жоон оромо чынжыр.
- диал. аңч. Кушту, бүркүттү таптаганда качып кетпес үчүн бутуна тагылуучу оор нерсе, баштык.
- диал. Күүлөнтүп таш ыргытууга ылайыкталган, таш салынчу кайышы жана боосу бар оюнчук курал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаага огун керишет, / Жамбашында салмоору, / Таш мылтыгын илишет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…уп-жер чаңдайт, / Каңгай, алаш сап байлап, / Карап турат калдайып, / Койуп өттү Татыбек, / Адырайды бир сайып, / Кудай урган Адырай, / Кылчайып артын карады, / Салмоор таштай ойнотуп, / Күрзү менен бир салды, / Мыктуусунган Татыбек, / Табылбай тарпы жок калды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…бастан үйрөткөн, / Арка-аркадан тарткан жаа, / Бири да тийбей калганга, / Тете жаман арданды, / Салмоорун алып булгалап, / Кой башындай таш салды, / Тегереткен салмоордон, / Күркүрөгөн үн чыгат, / Чагылган чыгып жаткандай, / Жаалысы катуу сүр чыгат, / Салмоордун угуп үнүнөн, / Жүрөгү батпай көөдөнгө, / Куткарбас байкуш кубанат, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Байланып алып чаначын, / Токочун алып кабаттап, / Куйдуруп куймак табактап, / Каймагын алып айактап, / Мылтык алып колуна, / Жаасын салып мойнуна, / Салмоорун катып койнуна, / Каргалдай кетти аң уулап, / Үчкошойдун тоосуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →