салмактуу

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Оор, салмагы көп.
  2. Оор басырык, токтоо.
  3. Олуттуу, орундуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түтүндөн мурун ок жетти, / Сооттон өтүп кеталбай, / Кой башындай коргошун, / Кайра жерге чалп этти, / Салмактуу тийген коргошун, / Зардабынан чоң Бодоң, / Чалкасынан кеткени, / Башын кесип алам деп, / Канжыгама байланып, / Бекбачага барам деп, / Каракөздүн жеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ын, — дейт, / Алымсарык залкайып, / Салтанаттуу бу чунак, / Куйалынын үстүнө, / Басып барып кирди эле, / Келдим деп жана чакырып, / Мындай айтып турду эле: / — Салмактуу Бакай чоң атам, / Абам Гүлүс шер айткан, / Айтумуш барчуу жол кайсы, / Кабар укмак сиз жактан, / Күн батыштын тарабын, / Билген киши жок экен, / Жолун билип бу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кандай адам кыла алат, / Салмактуу мындай жумушту? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Энесинен эмген сүт, / Эми оозуна татылат, / Эки киши кабышып, / Ээрге көчүк чабышып, / Удаа чыкты Гүлүстөн, / Жубатай менен жарышып, / Салмактуу чапкан чочконун, / Чокмору саптан үзүлгөн, / Кармай албай Жубатай, / Башын жерге түшүргөн, / Үч катар бирдей чабуучу, / Кезектин ишин бүтүргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эрине караганда бул ойлонуп сүйлөгөндөй сөзү салмактуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →