салмак

китептерде 82 жолу, 10 китепте
  1. Нерсенин, заттын салмактап өлчөө аркылуу белгилүү боло турган оордугу, оордук абалы.
  2. Күч, артыкчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малабектен кеп угуп, / Эки хан өлдү деп угуп, / Козубек менен Алабек, / Өлүгүн алып келгин, деп, / Алдырып келди өлүктү, / Жалгызектин Бактыбай, / Салмак болду түйшүктү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чай кайнамча турганда, / Салмагы темир даты өттү, / Жалындуу жүрөк чогу өчтү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрүн тирешип, / Буттары жерди жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алар анча келбесе, / Өзү дале бармакчы, / Улук Көкчө баатырга, / Учурашып алмакчы, / Анан жолго салмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…еп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен де, / Арстан Манас барында, / Ошол кезде өлбөдүм, / Же өзүң аман барыңда, / Ошол кезде өлбөдүм, / Канчоро иттин тушунд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →