салкында

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Салкын тартуу, ысыктын илеби кайтып, күн салкын болуу.
  2. Салкынга чыгуу, серүүндөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бышылдатып мурдуңду, / Шорголотуп богуңду, / Айра чаап жонуңду, / Табат эле жолуңду, / Сазды бойлоп өлөң жеп, / Салкындап сазда жаткын деп, / Уйга айтканы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Балык кармап тор салып, / Буткул-буткул суусунан, / Салкында ордо атышып, / Эңишип улак тартышып, / Шерне жешип, тай сойуп, / Кымыздын даамын татышып, / Теке тырмыш, көлбука, / Аркандарын тартышып, / Эл чогулган жерлерде… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бүгүн күздөн кабар бергендей күн суук тартып, теректин жалбырактары куюлуп, жер бети сөөктөй кубарып, аба салкындап, чыкыроон тартып турган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →