салкын

китептерде 59 жолу, 10 китепте
  1. Мелүүн, серүүн, ысык да, суук да эмес.
  2. Суз, көңүл кош.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойу жуурулуп, / Айланып көөнү кирдесе, / Салкын шамал жок жерде, / Сүт болбосо ичерге, / Ошондой жерге түшпөсө, / Ысык урган эгиндей, / Үрпөйүшүп жүдөсө, / Уйпаланган бул кыргыз, / Ошондо жооп бербесе, / Салкын жерде кыргыздар, / Баш берээр эмес дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Азап менен жай кетти, / Коңур салкын күз кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →