салгыч
- сүйл. Кандайдыр бир нерсени салып коё турган, коюп коё турган нерсе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кебелип койбойт кенедей, / Солк этип койбойт Кененим, / Чымын чаккан немедей, / «Аткан ок тийбей калды, деп, / Эми дүрмөт салгыча, / Келип калса Кененим, / Өпкө, боор, жүрөгүм, / Өлтүрбөй сууруп алды» деп, / Камына минип атына, / Кылчайбастан артына, / Коктукат көздөй зуулдап, / Жөнөдү качып шашыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Башындагы туулга, / Кылт дей түштү бир жакка, / Камынып Алмаң кармады, / Кыйшайа түшкөн туулгасын, / Кайта оңдой салганы, / Салгычакты болбоду, / Шыпшайдар огу чыкыйга, / Эмени тепчий калганы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычты кынга салгыча, / Канжарын сууруп алгыча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эрлерге кабар салгыча, / Эр жыйылып болгунча, / Эр көкүрөк жаш каман, / Баштаган аскер жүз миң жан, / Эр Мадыкан ал келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кайра тарта бергинче, / Семетейге келгинче, / Сайып өтө берди эле, / Бура тартып алгыча, / Бурулуп найза салгыча, / Уусаңгендин Жалгызек, / Башын кесип алгыча, / Жаанын огу жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →