салбыра

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Салаңдап туруу, ылдый карай чубалжып, самсаалап түшүп туруу.
  2. Алсыроо, алдан таюу, ыкшоо тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыйырма миңден колу бар, / Чуркурашып ыйлады, / Саадагын илип мойнуна, / Салбырашып турганы, / Буркурашып баш уруп, / Жан соогасын сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эсит катын Накылай, / Эстен танып эндиреп, / Эби кетип сендиреп, / Кереге-уугу шалдырап, / Кайра көчтү салбырап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дешип булар чуркурап, / Сейитимден айрылбай, / Салбырап ээрчип алыптыр, / Ошолордун урпагы, / Салар атка калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Арабыз опсуз ыраак жол, / Он күндөн калбай келип бак, / Жүрө бербей салбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мусаапырлыктын барып турган муңдуу кейпине түшүп, салбырап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →