салаңда
- Ылдый карай салбырап туруу, түшүп кетчүдөй илинип турган абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аты менен Гүлүстөн, / Карысында салаңдап, / Эр чырагы эки көз, / Маңдайында алаңдап, / Көрүп Семең шашылып, / Кызыл алтын оозун көр, / Жеркуйдай болуп ачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Салаңдап Чубак караса, / Сайасы баскан көп жерди, / Короо ордундай чоң арча, / Көрүнбөйт кулжа карааны, / Тиктесе Чубак ар канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык күчүн арнады, / «Колдосоң, Шоркөл, колдо» деп / Күбү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Карчыга жамбыны саландата байлап койгон жибин үзө атат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →