салар
- эск. Башкаруучу, башчы, улук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжулардан чоң Бодоң, / Кирип келди коржоңдоп: / — Мен беттеше калам, — деп, / Калгандар торун салар, — деп, / Бактыбайды амалдап, / Бекбачаны алам, — деп, / Качырып найза салганы, / Жазганбаган Бекбача, / Найзаны улай кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оогандыктын эр Сыргак, / Тор салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабылан Семей абаңды, / Камындырбай сайарда, / Сайса жыгып саларда, / Ал өңдөнгөн сайыштан, / Сан-санаксыз көп өткөн, / Салтанатуу абакең,, / Тайбуурулдун капталга, / Салаңдап түшө берди эле, / Каңгыта сайып найзасын, / Алдына өтүп кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жолоочуга төп айтып, / Токтотпостон атказып: / «Хан Кыйазга барарсың, / Катты бере саларсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →