саламдаш
- Учурашуу, амандашуу, салам айтышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошол кезде Бекбача, / Тору атты кайта бурушу, / Аттын башын бурганда, / Каралдысы Конушбай, / Жетип келип кашына, / Саламдашып кашкайып, / Күлүп туруп айтканы: / — Тегиз тоо мага жер болуп, / Ушул элге эл болуп, / Мен турганы, жолборсум, / Ашып калды төрт жылдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эр жагында тактыда, / Кебезден бүткөн башкача, / Тоодой болгон Эр Төштүк, / Олтурган экен чалкайа, / Саламдашып көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соосун сурашып, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Өзүңүз мурда өт, дешип, / Сен, мен деген сенек сөз, / Сиз, биз сөздү көп дешип,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Сейит жерге силккени, / Мойун сөөгү ошондо / Туура үзүлүп кеткени, / Жарым күндүк алыстан, / Көрүп турган Куткарбас, / Керки менен Чанактын деп, / Катар өлүп кеткенин, / Ушерде айта кетейин, / Ойуна алган кептерин: / “Сейитке басып барсамбы, / Саламдашып калсамбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Саламдашып салалы, / Алып келип кондуруп, / Аш-тамакка тойдуруп, / Кеңеш кепке кандырып, / Жолжобосун кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →