саламат
- Аман-эсен, дени соо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…з, / Өмүрхандын кызымын, / Жигит болуп көрүндүм, / Кыз экеним билгиниң, / Бөркүн алып таранып, / Күзгүгө өзүн каранып, / Кубулжуган кыз болду, / Бекбача баатыр саламат, / Татылдадан Нурфану, / Качып мында келгенин, / Бекбачаны Перилер, / Алып барган жерлерин, / Көйкаптагы дөөлөрдүн, / Кылбырак, сексе элдердин, / Чогулушкан эр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Кускан кымыз көл болуп, / Бирдемде чыгып барыптыр, / Ирегенин көгүнө, / Апкарышып туруптур, / Бул ойлор болуп көбүндө: / “Байжигит менен Бердике, / Ошур менен Саламат, / Орчун жыйын тамамат, / Шыкай берип кымызын, / Жегин, ичкин, тойгун, деп, / Жергесинин баарысын, / Жедирмек экен анысы, / Энебей калып мунусун, / Эт жегени к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баарың болгун саламат, / Балага Кыйаз аманат, / Кандабаса атасын, / Балага калат жаман ат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаныңда эки балага, / Баргын балам саламат, / Кудайыма аманат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →