салам
- Саламдашуу, учурашуу, кадыркөңүлдү суроо иретинде айтылуучу сөз.
- Бирөө аркылуу айттырылган өтүнүч, суроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Акыр заман башына, / Көз көрүнө салам — деп, / Өлбөй тирүү болгондо, / Буракүң кунун алам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ортого алып абаңды, / Кырк кыз келет чубашып, / Суркойон менен Гүлчоро, / Семетейге жанашып, / Салам айтты заңк этип, / Семетей карап койгон жок, / Мурункудай жарк этип, / Унчукпай кетти бастырып, / Буурул менен болкойуп, / Ак шумкар колдо койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →