салакта
- Салаңдап, салбырап туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки көзү алактап, / Эки буту салактап, / Алдындагы аларга, / Кош кулагы салактап, / Эңишке келсе узарып, / Эликтей колу сайылып, / Жал-куйругу жайылып, / Өксүтүп кетет Алгары ат, / Өз тайасы жетишет, / Өкүм күлүк Аккула ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бели арка мекчейип, / Эки көзүн карасаң, / Тышына чыгып чекчейип, / Томоро сайып кетчүдөй, / Ээрдин кесе тиштенип, / Кыпкызыл болуп кан агып, / Өлгөнгө жакын эки зор, / Намыстан жаны карарып, / Алгараны камчылап, / Атырылды алактап, / Эки буту салактап, / Айкөл Манас тогошту, / Алдынан тосо шарактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн-түнү төрткө жеткени, / Он эки эрдин аттары, / Желжетпес менен жүрө албай, / Кулактары салактап, / Куйруктары булактап, / Абдан шайы кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суркойон менен балактап, / Жаралуу болгон Толтойдун, / Эси кетип салактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Менин алдымда, жыйырма саржандай жерде эки бутун салактатып, эшек минген бирөө кетип бара жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →