салакалуу
- Көрүнүктүү, кадыр-барктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келе жаткан калың көч, / Мадыбектин беш үйү, / Сарамжалы бүт үйдү, / Салакалуу чоң үйдү, / Келе жаткан силерге, / Алып барып бергели, / Талаа-түзгө жаткырбай, / Кеңколго алып келгели, / Келе жаткан Мөңкөтай, / Ушул эле кеңеши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чалкар дайра көл толгон, / Сан миң түмөн эл жаткан, / Салакалуу чоң Бейжин, / Өрттөй күйүп түтөгөн, / Өрттөнгөн кытай эли көп, / Балакеттүү Бейжинде, / Батышпай адам жерине, / Малдай айдап кайтарып, / Кечкиргенде жандырып, / Алып келип бир жерге, / Короого солоп багат дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сан миң бээни байлаган, / Салакалуу атаңды, / Сандыргасы жайнаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Баатырдын уулу Сомбилек, / Маңдайда элге көрсөттү, / Салакалуу адатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →