салака

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Таасир, кесепет, зыян, залал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырчуул, Бозуул баатырлар, / Чыга калса кашаттан, / Алдында тиккен төрт үй бар, / Төрт дөбөдөй көрүндү, / Салакасы үйлөрдүн, / Кыргызда жок кыйасы, / Ырчы менен Бозуулдун, / Аркайда кетти кыйалы: / “Мурда жүргөн бул жерде, / Мындай эме жок эле, / Карып болуп Каныкей, / Как … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…чинде күлүп жымыйып, / Жалдырап тиктеп туралбай, / Жалынын сыртка чыгарбай, / Тупадан туура болот деп, / Токтомдуу сөздү айта албай, / Аз гана сүйлөп жөнөдү, / Салакасын бүт сактай: / — Алмамбет Манас дегениң, / Талгагыңбы, назыңбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тегиздеп кышын койдуруп, / Сексен миң эркеч сойдуруп, / Майына кышын бышырып, / Токтотуп күмбөз бек салды, / Тогуз кылым өткөнчө, / Козголбосун деп салды, / Салакасын арттырып, / Бар кылганын Манастын, / Күмбөзүнө жаздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кеңкол ата Таласта, / Ак калпак кыргыз элиңдин, / Салакасы бир башка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кызыл Буурул ат минген, / Салакасы келишкен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →