салаала

китептерде 22 жолу, 5 китепте
  1. Тарам-тарам болуп бөлүнүп туруу.
  2. Бир нерсени манжаларынын арасына алуу.
  3. Эки колдун манжаларын салааларына киргизип бириктирүү, туташтыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салаалап колдон кан акты, / Бала баатыр карматты, / Чабандестик адатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Найзанын учу тийгенде, / Кыпкызыл канын агызып, / Кан куйулуп салаалап, / Ого бетер жан ачып, / Өчүгүшүп карарат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыдай албай кангайлар, / Качып жүрөт талаалап, / Ошондой кыргын мезгилде, / Он миң балбан жетиптир, / Жалмасын алып салаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки булчуң жарылып, / Салаалаган кан агып, / Эч болбосо бир эмес, / Эки колдон тең агып, / Кызыл лөктүн үстүндө, / Терекбай турат далдайып, / Өпкөнүн каны түгөнүп, / Жыгылып калды дардайып, / Өзү айбан кызыл лөк, / Өнөрү малдан бир бөлөк, / Башын жерге салганы, / Оозунда тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Өлбөй тирүү куткарбаймын деген немедей мойнунан салаалаган колумду чыгарбай, тери шымды калдыратып, өлөрмандыкка салып, мен да жүрүп отурдум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →