салаа

китептерде 62 жолу, 10 китепте
  1. Манжалардын арасындагы аралык.
  2. Тарам-тарам болуп кеткен кокту, колот, суунун бөлөк-бөлөк агымы.
  3. Колдун манжалары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара ниет Сазанды, / Келтирейин эбин деп, / Чийкилей этин жейин деп, / Эрдин алды кашына, / Оморойун белин деп, / Жана найза салаарда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аржагы салаа үч өзөн, / Аркачан келсе душмандын, / Ашуучу жолу ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ажыкең менен иши жок, / Мурдун чүйрө көтөрүп, / Медилин салаар пейли жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрдемсип кебим ырас деп, / Кап деп оозуң карманба, / Салаарыңа кап таппай, / Ханым, калба бушманда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Аттанып чыксам акжолтой, / Аркамда жүрсөң сан колдой, / Эмишкен эмчек тууганым, / Өрнөккө чабаар бууданым, / Жоого салаар балбаным, / Беттешкенде алганым, / Берекелүү бек айбат, / Белдүү Гүлүс арстаным. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →