сакы

китептерде 24 жолу, 2 китепте
  1. Март, берешен, колу ачык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желегин жерге жыкканда, / Барабан үнүн укканда, / Манастын уулу Каракөк, / Кайра тартты ушунда, / Муну мында таштайлы, / Асылбача жолборстун, / Сакычак баштуу беш эрди, / Сойгонунан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сакычактан кеп угуп, / Илебин кирдли оолугуп, / Асыл менен беттешип, / Калар бекен деми сууп, / Каарданып Илебин, / Катуу кирди белин бууп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Жедигердин Каракөз, / Коросондун Салаасы, / Кеңеш кылып алышты, / Испандыкты кетирбей, / Испандыктын элине, / Арага элчи салышты: / — Ханы өлдү Сакычак, / Хан көтөрсүн бирөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Турган элди бетке алып, / Келе жатат жакындап, / Карап турат Каракөз, / Тамакайы такылдап: / “Каман алп жеңсе кыргызды, / Сакычакты баш кылып, / Жедигердин тыңдарын, / Жүрөгүн сууруп алсам — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ал дагы кыргыз элиңер, / Башчысы Багыш билиңер: / Музбурчактын иниси, / Алматыда Козучак, / Капалда кыргыз, казакта, / Кыдырып жүргөн алашта, / Катарда киши Сакычак: / Кан жутуп ичтен кайгырган / Көкчөсүнөн айрылган / Атакта бар кишиси, / Аксакалы Айдаркан: / Иледе алаш эли бар, / Айта келиш эби бар: / Үч Каркыра, Кеминде,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →