сактоочу
- Кандайдыр бир нерседен сактаган коргоочу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыз оңой жоо эмес, / Нечен катар барганбыз, / Канча миң аскер жам кылып, / Баш көтөргөн хандарды, / Эл сактоочу балбанды, / Баарысын койдук сайдырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Нөөбөт менен болжолдоп, / Сактоочуга чыгарат, / Бири чыкса, бири уктап, / Мына минтип таң атат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыргыздын кыраан уулдары, / Бөлүнө түшүп кытайдан, / Тулпардын оозун бурганы, / Үзүктөй калпак Эр Шууту, / Он жетини бир алды, / Хан Жакыптын Сереги, / Жыйырма бирди ал алды, / Он үч эрди сулатты, / Элүү бирин төртөө алды, / Калганын сайып бешөө алды, / Каңгайдын жолун сактоочу, / Кароолчусу жок калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →