сакталуу
- Сакталган, катылган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Көсөк чубак жолборстун, / Ичинен кийген олпогу, / Сакталуу менде болуучу, - / Деп Гүлчоро, Кененге, / Алып келди кийгин, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Таң кашайып арылды, / Тунарыктап жазылды, / Күндүн мурду чачырап, / Жердин бети ачылды, / Койнуна колун салганы, / Кыз кезинде Каныкей, / Салып жүргөн дүрбүсүн, / (Сакталуу жүргөн эмгиче), / Сууруп колго алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →