сакта

китептерде 241 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени бөлүп катып коюу, башкага тийгизбей, коротпой катуу.
  2. Коргоо, кол салдырбоо, тышкы аракеттин зыяндуу таасирине учуратпоо, аман алып калуу.
  3. Асыроо, асырап багуу, чыгымга учуратпоо, жок кылып жибербөө.
  4. Тутуу, кармоо, ойдон чыгарбоо, унутпоо.
  5. Белгилүү бир жайда болуу, туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эмне кабар келет деп, / Сактап күтүп калгандыр, / Жердигине тапшырбай, / Өлүктү сактап салгандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айдама кошуун кол жайнап, / Алпардың элди алыска, / Эл сактабай, эл кырып, / Жарайсың кандай намыска? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азык… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондуктан ханга бербес үчүн мени ушундай караңгы жайга сактап турушат, – дейт кыз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →