саксаңда

китептерде 29 жолу, 7 китепте
  1. Саксайган, үрпөйгөн кебетеде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адырда кулжа дардаңдап, / Бугулар качып каркаңдап, / Айулар качып саксаңдап, / Токойдо доңуз корсулдап, / Мылтыктын үнү чыкканда, / Кузгун жетет куркулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадана кеткен бул жерге, / Кычырып келе калгын, деп, / Кыйын бала жумшады, / Келе жатам саксаңдап, / Чайчым эле Мадана, / Кычырып өзүм баргалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
кызмат кылдырып, / Каңгайга барып жанайын, / Алаштын айлын кыдырып, / — Мына мунтип Бадыкөл, / Күпүлдөдү бир далай, / Карманаптын кишиси, / Ыдыгына чыдабай, / Саксаңдаган капырдын, / Жүзүн карап туралбай, / Кет дегенде жөнөдү, / Камчыга атын бөлөдү, / Жөнөп жатып кылчайып, / Бадыкөлдүн аскери, / Аттанганын көргөнү, / Айал-үйөл к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
кары кыз, / (Тапан хандын көзүнө, / Мындай сулуу табылгыс), / Какжаңдаган Тапан хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан хан, / Дык тийбеген бетине, / Саксаңдаган Тапан хан, / Карыганын билбей көйрөңсүп, / Дакдаңдаган Тапан хан, / Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…йди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →