саксай
- Үрпөйүп иретсиз, көрксүз болуп көрүнүү (жүн, чач, сакал жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
эли азайса, / Бели сынат Бекбача, / Көрбөсөм да билемин, / Котендеги Козубек, / Азыктагы Алабек, / Жеркендеги Малабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык келбейт колунан, / Байкап көрсөк алардан, / Ысыккөлдөн Медербек, / Анда турат далай кеп; / Казактардын Курмушу, / Алматыны сактаган, / Атагы бар эр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ичи жарык жол салып, / Келет Сыргак таң калып, / Чыга калды капыстан, / Кожаалысы дактайып, / Сакал-мурут өсөңкү, / Кеткен экен саксайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Конушбайдан кеп угуп, / Сен доңузсуң деп угуп, / Куткарбас айтты оолугуп: / — Сен Тапан хан саксайып, / Карыган койдой чакчайып, / Алдыма келип арз айтып, / Шумурайды жиберип, / Көөн айнытар дарт айтып, / Башка бүлүк салдыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ртышып, / Олпокторун жыртышып, / Соотторун булушуп, / Жеңдерин үзүп ыргытып, / Эки көзү чакчайып, / Кутургурдун ошондо, / Сакалы менен муруту, / Тиктенип чыкты саксайып, / Түкүрүп колго сунганда, / Ач билектен аларда, / Алы келсе сүйрөтүп, / Ат сооруга саларда, / Элөөрүп турат кыз балбан, / Эки жагын каранып, / Найзаңды бергин…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Балапан күнгө кактанып, / Канатын тарап чакчайып, / Кагынып кайтып түзөнүп, / Дүмдүйсө жүнү саксайып, / Учуп кетти бир күнү, / Көкүрөк керип төш жайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →