сакалдуу
- Жашы улуу, улгайган, улуулук жолу бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Карчыгага илдирип, / Илбээсинди бүлдүрүп, / Шумкар салып, куу алып, / Ак сакалдуу карыга, / Тартуу кылып алпарып, / Алып барган азамат, / Айры өркөчтөн төө алып, / Азуусу тутам ат алып, / Баланчага куу тартып, / Төө жетелеп, ат минип, / Кела…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Кашкулак менен бөрү атып, / Текесин таштан кулатып, / Курбудан аркар-кулжа атып, / Желип чыккан сай-сайдан, / Кыпкызыл түлкү дагы атып, / Салаңдата терисин, / Сакалдууга байлашып, / Айгай чууну салышып, / Абдан ачып көңүлүн, / Тамашага канышып, / Кошой баштап сексен эр, / Келген экен бул жерге, / Ошондо чыкты Чоңжинди, / Тарака…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү узак жашаган, / Ак сакалдуу кары эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Башы муздак аппак тоо, / Айагы аска бийик зоо, / Баш-айагы үч күндүк, / Байкап кара, коо ошо, / Адамзат басып бара албайт, / Туйуктөр деген кеп ошо, / Ак сакалдуу боз атчан, / Арстандын уулу чунакты, / Таштап кеткен жер ошол, / Күңгөй менен тескейди, / Тайгандар бойлоп кыдырып, / Тоо башынан зыпылдап, / Шамал жүрүп сыдыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →