сакал

китептерде 301 жолу, 10 китепте
  1. Эркектердин жаактан ылдый тарта, ээкти каптай чыккан кылы.
  2. Айрым айбандардын (мис., эчки-текенин) ээк алдына узун жана топ болуп чыккан жүнү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып чыгышка, / Деңиздин бойун мааналап, / Туруп калган чагы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…рга, / Кутулбасын билгенде, / Он бири качты калдаңдап, / Найзанын учу жетет деп, / Как далыга бир койсо, / Каражан кантер экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, / Балбандары качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — де… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куу сакал Бакай, Каныкей, / Жылма катын Айчүрөк, / Ой Гүлчоро, жуукур кул, / Жетим бала Сейитек, / Эми мени айаба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сербейген сары сакалы бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →