сакай

китептерде 28 жолу, 8 китепте
  1. Айыгуу, оорудан жакшы болуп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күнү кыркка толгондо, / Туруп кетти Бактыбай, / Сак сакайтты Кененим, / Этинде так калтырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайра барсаң, анда бар, / Эми тийбей койойун, / Сакайып кайра келгинче, / Эрикпей жатып ойлогун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, хан Семей: / — Чын айтыптыр Куйалы, / Акыл кеп го бу дагы, / Жетип келсин Куйалы, / Сакайганда бууданы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качып кетет экен деп, / Элебедим таштарын, / Тарамышым кыркылып, / Шылкы муун болуп калгалы, / Мен Алмамбет тас калдым, / Канына чылап кулжанын, / Эми бүтүп сакайдым, / Кулжанын өтүн алдырып, / Жарасына куйдуруп, / Жаранын канын какшытып, / Анын суусун кургатып, / Жана Алмамбет турду муну айтып: / — Куу өрдөктүн териси / Сы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күндө учуп абалап, / Токтосарттай байды таап, / Момунжандай табып таап, / Гүлүстөндү сакайтты, / Күн-түнү жок дабаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →