сака
- Чүкө оюнунда чүкөнү атуу үчүн колдонулуучу атууга эптүү жана салмактуу келген чүкө (көбүнчө тоо текенин, аркардын, кулжанын же эликтин чүкөлөрү).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өкчөсөк сака утарбыз, / Өчөшсөк башын жутарбыз, / Карчашсак сака утарбыз, / Кармашсак башын жутарбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сакатайды баш кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурунку уккан кабарда, / Өткөн чакта заманда, / Катындан чыккан Желмогуз, / Ал түштүктө кез болуп, / Атасы анын Эламан, / Баласынан жакшыраак, / Малга күйгөн жан болуп, / Бок дүйнөнүн камын жеп, / Уулумдан малым артык деп, / Чүкө, сака өгөөсүн, / Таштап койуп журтуна, / Жумшаган экен баргын деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сакасы эле чүкөнүн, / Аркар тил эле бүлөөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» , – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →