сак-саламат
- Аман-эсен, дени соо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырбай сүйлөп, чыныңды айт, / Сак-саламат кайрат кайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куруп калган Каныкей, / Улантып сөзүн муну айтат: / «Сак-саламат сен барсаң, / Абаңдын айткан сөздөрүн, / Акылыңа сен алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сак-саламат жүрдүңбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жетелеп алып, дуу койуп, / Канчоронун жанына, / Салып жетип кирди эле: / — Канчоро, аман барсынбы, / Сак-саламат калдынбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк салып амалды, / Күндө алдап түркүмдөп, / Көр Кыйаздай жаманды, / Үч жыл курсак көтөрүп, / Сак-саламат төрөдү, / Сейитектей баланы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →