сайыш1

китептерде 316 жолу, 9 китепте
  1. Ат үстүнөн найзалашып беттешкен уруш.
  2. Ат үстүнөн бири-бирин сайып түшүрүү мелдеши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Тоспосом жолун бекер, — деп, / Толкуган кыйан сел каптап, / Талоонго Талас кетер, — деп, / Талатып ийип Таласты, / Жоо сайышым кандай кеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Он беши чокмор чабышат, / Жон сөөгүңдү талытат, / Он беши найза сайышат, / Жүрөктөн каның агызат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калкылдаган калың кол, / Маңдайлаша барышты, / Байрактарын сайышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабылан Семей абаңды, / Камындырбай сайарда, / Сайса жыгып саларда, / Ал өңдөнгөн сайыштан, / Сан-санаксыз көп өткөн, / Салтанатуу абакең,, / Тайбуурулдун капталга, / Салаңдап түшө берди эле, / Каңгыта сайып найзасын, / Алдына өтүп кетти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Найза сайар ыктуулар, / Сайышка чыкчу мыктуулар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →