сайын1

китептерде 169 жолу, 10 китепте
  1. Аныктоо, тактоо, белгилөө маанисинде колдонулуучу жандооч сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кун кубалап алам деп, / Куру кантип калам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карсылдашып койушуп, / Кадимки сайыш болушуп, / Алдында минген аттары, / Тизгин тартып чойушуп, / Найзаны канга чыкташып, / Барган сайын өчөшүп, / Бирине-бири ыкташып, / Кыйгай кармап жарагын, / Кыйамына келтирип, / Жан айабай мушташып, / Кызык уруш мезгилде, / Кызыгышкан кезинде, / Чигитей келди ал кезде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жыл сайын айдап, мал алды, / Ар качан салып түйшүктү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →