сайранда
- Шаттануу, шапар тебүү, таң-тамаша куруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз эркинче сайрандап, / Кыргызың жыргап жаткан кези экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сайдырып найза баатырга, / Керишип кулач жаа тартып, / Устунга илген жамбы атып, / Жыргалга батып сайрандап, / Бейкут, бейпил тынч жатып, / Кемпири майга карабай, / Келини каймак жалабай, / Кыргыздын толгон кези экен, / Улагадан агып май.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бир жыл өтүп кетиптир, / Жыл айланып жетиптир, / Кутубайдын Кара дөө, / Жетисууда жата албай, / Кайыпчыда мурунтан, / Кайберендин кени бар, / Жерин чардап, эл чардап, / Тамаша кылып сайрандап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жалпайтып тиккен чатыр жок, / Жагалданган сайрандап, / Жалганда мындай баатыр жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →