сайран
- Сейилдик, дем алуу.
- Кең, эркин (талаа, жер жөнүндө).
- Жыргал, эркиндик, бакыт, шаттык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күкүрттөн бетер күч алып, / Күлүп ойнойт экенбиз, / Күндө сайран, күндө той, / Көңүлдү дуулайт экенбиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн бешимге барганда, / Кетерине калганда, / Ырчуул менен Бозуулга, / Алмамбет айтат мындайча: / — Алгыр экен кушуңар, / Каз-өрдөк болду тушуңар, / Алынбай агып көп кетти, / Агынды бойлоп багыңар, / Тебилсе сыртка сыйлыгып, / Убал болот алыңар, / Сайранга дагы батыңар, / Айактан өйдө кагыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмаңан буйрук алганда, / Башталды сайран балдарда, / Чыгарып алып чылбырын, / Укурук кылып найзасын, / Мүйүзүнө салышып, / Жулдуруп ийип канчасын, / Куру кол болуп калышып, / Аткын бугу, аткын деп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундуктан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берипмин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →