сайра
- Кубулжуган үн салуу, кубулжутуп таңшуу (сайроочу куштар жөнүндө).
- Уккулуктуу, жагымдуу кылып ырдоо, үнүн безеп таңшуу.
- Уккулуктуу, таңшыган күү чыгаруу (комуз жана кээ бир музыкалык аспаптарга карата).
- Көп сүйлөө, безеленүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үн алышып боз торгой, / Көкөлөп учуп, көп сайрап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →