саймалуу

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Саймаланган, сайма менен кооздолгон, саймасы бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саймалуу калпак сары шым, / Саадагы күмүш сары алтын, / Салтанаттуу Курмушу, / Сакалы саадак кабындай, / Залкардын бири мына ушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аргымак аттар алкылдап, / Саймалуу жаргак сары шым, / Кең багалек балпылдап, / Булгарыдан чоң кисе, / Жандарында шалпылдап, / Күн батыш карай жол алып, / Кетип барат шартылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эр кишиге белектир, / Бир чочутуп ийгенге, / Бир шилтем найза керектир, / Унутуп калба, туйгунум, / Абаңдын кеби керээздир, - / Аңгычакты чыгууга, / Саймалуу сары шым кийип, / Самсыган жорго ат минип, / Салып Көкчө келиптир, / Агеркеч ишмер катын, деп, / Абаң угуп жүрүүчү, / Шымын сурап кийиптир, / — Керек болсо сиз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Саймалуу калпак, кең шалбар, / Санаам айтар жаш балдар, / Зарымды угуп алыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Адеме төрө көкжалың, / Атынын башын бурганы, / Аркасын карап кылчайып, / Чорого айтып турганы: / — Кештелүү калпак кең шалбар, / Кеңешим айтам жаш балдар, / Саймалуу калпак көк шалбар, / Санаамды айтам жаш балдар, / Алты күнү болгунча, / Ат сергитип алалы, / Анан Чүрөк баралы, / Жети күнү болгуча, / Бой сергитип алалы, / Же… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →