саймала
- Сайма саюу, сайма түшүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кештеден бетер саймалап, / Такырбаш кебин айтканда, / Хандан кепти укканда, / Араң турган кара аскер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шамал чыкты аймалап, / Көз уйалтып гүл чечек, / Жердин бетин саймалап, / Көк кашка суулар шырылдап, / Көк мелжеп тоолор зымырап, / Көп жаныбар кыбырап, / Көптүгүнөн кымылдап, / Көк асманда көп жылдыз, / Күлгөндөй болуп жымыңдап, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →