сайма
- Кооздук үчүн бир нерсенин бетине сайып түшүрүлгөн түр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген эр Сакта, / Бойу тоодой бир барча, / Саадагын салып мойнуна, / Жебесин алып колуна, / Бар сайманы бойунда, / Бастырып чыкты буркундап, / Ылат-мылат булардын, / Колдой турган кудайы, / Катылуу жүрөт койнунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, / Курдаштар келди кашына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сайма сайып койгондой, / Сай бойунда чечекей, / Азыркысын Кеңколго, / Чыккан экен ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →