сайкал
- диал. Жылмалоо, жылмакайлоо, одур-будурун кетирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыз Сайкалдай эр болсо, / Каныкейдей айалдын, / Төрт тарабы тең болсо, / Агеркечтей айтканы, / Акыл-нуска кеп болсо, / Ар түркүмдө иш тапкан, / Аруукедей уз болсо, / Айчүрөк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муну койо туруңуз, / Эми Таластан кабар угуңуз, / Каткалаң, Жакып бир тууган, / Каткалаңдын кыз Сайкал, / Калмактарга кошулуп, / Кыргызга канча чуу салган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куланын оозун бурганы, / Айал кылып турбады, / Сырнайзаны сундуруп, / Сайкалды карай бет алды, / Аңгычакты артынан, / Жамгырчы жетип капташты, / Шуутуну таштап кыз Сайкал, / Колуна кире качканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп Кыз Сайкал, / Көмүскө көздөй качканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…н айтып жатканда, / Алмамбет, Чубак, Сыргактын, / Аты качан чыгат деп, / Дегдегени дагы бар, / Жиниси ургаачы болсо да, / Атагы элден кем эмес, / Каныкей менен Сайкалды, / Ак байбиче Чыйырды, / Унутуп калар эл эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →