сай3

китептерде 1940 жолу, 10 китепте сай 1 →сай 2 →
  1. Учтуу, курч нерсени матыруу, киргизүү.
  2. Саймалап түр салуу, кооздоп тигүү.
  3. Көчөт отургузуу, тигүү.
  4. Байге, мелдеш үчүн бир нерсе коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап турган калкы жок, / Элүү- кыркын бир сайган, / Кадимкидей наркы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →