саздуу
- Саздак, сазы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Күркүрөп чочко келайтса, / Саздуу жерлер чылпылдап, / Көлчөк-көлчөк суу чыгат, / Кургак жерге келгенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ат тулпарлар, / Багалчеги майышып, / Этектен түрө кармашып, / Булкуп силкип серпишип, / Буттары чийге урунуп, / Буту тийген чийлери, / Түбүнөн кетет жулунуп, / Саздуу жерге туш келсе, / Чылпылдап суулар чубуруп, / Муну көргөн адамдын, / Заманасы куурулуп / Талкаланып кара бой, / Тарпы калбай жарылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бөлөк-бөлөк чулугу, / Илек-илек, көк кытан, / Ийри тумшук бирказан, / Төрт канаттуу чалгыны, / Султан Алмаң караса, / Суу кушунун баары бар, / Саздуу жерин ээлеген, / Ызыллдап ызгыч дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Саздуу жери кемирчек, / Жылгалары бээ эмчек, / Козу кулак, жоогазын, / Анын баары тамак дейт, / Жапа мыйаз, зардеги, / Согон менен кымыздык, / Төө таман менен чымылдак, / Табылып калса талаадан, / Сүйүнөт кытай жымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →