сазан

китептерде 30 жолу, 3 китепте
  1. Кабырчыктары чоң-чоң келген, карптар тукумуна кирүүчү балык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топурак учуп боз болуп, / Токтобой тоолор козголуп, / Суу чайкалып чулкулдап, / Ак сазаң балык жылтылдап, / Кара суунун буткулда, / Жайнап жаткан канаттуу- / Каз-өрдөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алты таңгут ат салып, / Сазандыга жабылды, / Алып кетиш пейли бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Соорандык, / Акимсинген Чабалай, / Андай дөөдөн канча бар, / Айжаңжун менен Күнжаңжун, / Сандубада Бешкулак, / Каңгайлардын чоң Талап, / Ордонун ханы Ороңгу, / Сазаңшаанын Макил дөө - / Баары жүрүп чогулуп, / Баатырга алы келалбай, / Эсен хан кызы бир Мыскал, / Ай жаңжүндүн Бурулча – / Эки сулуу кыз менен, / Эсен хандын алтын так… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кытайдын эмки баатырын, / Жашаган жерин сурасаң, / Сазаң деген жер экен, / Кыл баатыры кытайдын, / Ошондон келген эр экен, / Өкүмү артык болбосо, / Өңкөй баатыр чогулса, / Жалгыз менмин дейт бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Казган ор толуп түз болду, / Сазаңдагы кытайга, / Унутулгус иш болду, / Айкөл, Алмаң жарышып, / Ажатты карай ат койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →