садага
- Оору-сыркоодон, кырсыктан кутулуу, ар кандай балаадан сак болуу максатында жасалган курмандык жана бирөөгө берилген кайыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыпкызыл болгон алтындан, / Карыптарга таратты, / Бекбачага садага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айткандын баарын бүтүрсөң, / Мен садага болойун, / Бөлөкбайым, өзүңдөн, / Кыргыздын нетип жүргөнү, / Уктасам кетпейт түшүмдөн, / Олтурсам-копсом, эсимден!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутулсак баштан садага!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тайгандардын айтканы, / Туура келди акылга, / Аргымак айтат аларга: / — Арстанымдын жолуна, / Мен болойун садага, / Талаада жаттың, күчүктөр, / Ачылбай көзүң жылтырап, / Курсагыңда ашың жок, / Чыдай албай кыңшылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →