сагыр

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. диал. Жетим, томолой.
  2. диал. Жаш бала, кичинекей бала.
  3. диал. өт. Тамашалоо, эркелетүү иретинде жаш бала, жаш жигитке кайрылуу сөзү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки көздүн чуңкуру, / Лоптун бүткүл көлүндөй, / Сакал менен муруту, / Сагыранын чөлүндөй, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Айателдин чөлүндөй, / Манжасы жок таманы, / Таманы пилдин бутундай, / Колдору ийри буурсундай, / Эки буттун жилиги, / Тамга арткан устундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Узунун кескин четинен, / Көзүнүн жашын агызган, / Абалын сурап жетимден, / Кедей менен сагырга, / Жесир менен жакырга, / Кайыр кыла жүргүлө, / Колуңда барың мындайга, / Бул сапаркы кебимди, / Эми менден угуңар, / Саламатты кетти, деп, / Аркасынан баргамы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →