сагын

китептерде 72 жолу, 10 китепте
  1. Эңсөө, самоо, көксөө, каалоо сыяктуу сагыныч сезиминде болуу, кусалануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сагыныпсың өлүмдү, / Ажал алып жакадан, / Тура албайсың энтелеп, / Эсиңе алсаң Йобалы, / Элиңе бар эртелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Каадасынча манжунун, / Адатынча анжунун, / Кома деп барып Алмамбет, / Сагынышкан немедей, / Кол алыша кетти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей, Бакай кыйналды, / Эр Гүлүстөн сумсайды, / Абакемди сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алдына келип ат алып, / Канчоро менен көрүшүп, / Сагынышкан немедей, / Кучакташып өбүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →