сагызган
- Каргалар тукумуна кирүүчү ала-була түстүү, узун куйруктуу, шакылыктап үн чыгаруучу канаттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…штүктөй неченди; / Жакып хандай кеселди / Каныкейдей жесирди, / Семетейдей жетимди; / Баштан-айак калтырбай, / Жомокчу айтып билдирди, / Кээ кезинде элдерди, / Сагызгандай күлдүрдү, / Кээ кезинде элдердин, / Алтымыш алты тамырын, / Зыркыратып күйдүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Койо берди үшкүрүп, / Оозунан түтүн буркурап, / Ала карга, сагызган, / Үн алышып чыркырап, / Сакал менен муруттан, / Учуп жатат быркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тиккенде, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жойулуп түгөп жок кылды, / Бурма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыра…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сай сагызган тилине, / Кырк эки тилдин баарысын, / Дуба менен жашырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын үстүндө шыкылыктап бир сагызган ойноп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →