саадак
- Жебе (жаанын огу) салынуучу атайын кутуча, баштык. Кайыштан, же калың кийизден жасалат – ооз жагы кең, түбү кууш келген, ичи көңдөй, жалпак куту түрүндө.
- Жаа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ханы өлүп эл калса, / Саадагын салып мойнуна, / Кол куушуруп тизелеп, / Бир жүгүнүп кутулат, / Кара аскер өлүп хан калса, / Калкынан жана кычырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…атка мингенге, / Өзүнчө болот чоң капа: / “Сырттан болсо ушул кыз, / Сырымды менин билер – деп, / Аз болгондо үч жылда, / Араң мында келем” – деп, / Жаага атчу саадактан, / Сууруп алды бир жебе: / — Бул айылда калсын, — деп, / Унчукпастан эч кимге, / Ыргытып ийди жөнөөрдө, / Элебей элдер калыптыр, / Көкөй көрө салыптыр, / Кыргы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кутунай кирип барганда, / Малуна кеби бул эле: / Козголчудай калтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Ат куйругу балкылдап, / Көрүнүшү айбаттуу, / Найзанын учу жылтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен де, / Арстан Манас барында, / Ошол кезде өлбөдүм, / Же өзүң аман барыңда, / Ошол кезде өлбөдүм, / Канчоро иттин тушунда, / Көрбөгөндү көрбөмүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мунун сүрүн көрүңөр, / Сакалы саадак кабындай, / Сан миң кара кыргызды, / Сапырып ийип тынгыдай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →