романтизм

  1. XIX кылымдын биринчи чейрегинде пайда болгон, биринчи планга адамдын керт башынын таламдары менен сезимин коюп жана өзүнүн чыгармачылык ишинде тарыхый жана элдик-поэтикалык темаларды пайдаланган, классицизмдин канондоруна каршы күрөш жүргүзгөн адабият менен искусстводогу агым.
  2. Искусстводо турмуш чындыгын идеализациялап чагылдыруу ыкмасы, кыялкеч чыгармачылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.