протокол

китептерде 1 жолу
  1. Чогулушта, стурумда, сурак убагында жана башка убактарда болуп өткөн сөздөр жазылган документ.
  2. Кандайдыр бир факты, болгон окуя жөнүндө күбөлүк берүүчү документ.
  3. Бир маселе боюнча мамлекеттердин ортосундагы кат жүзүндөгү келишим.
  4. Дипломатиялык протокол – ар түрдүү дипломаттык актыларды ишке ашыруу тартибин жана ар түрдүү өлкөлөрдүн дипломаттары ортосундагы мамилелердин тышкы формаларын жөнгө салып туруучу эрежелердин жыйындысы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Отунга барсак карагай башы кармап алып, өзүбүздү уруп, аркан жибибизди тартып алып, протокол кылып, айдап жиберет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →