пристав

китептерде 21 жолу
  1. тар. Падышалык Россияда, анча чоң эмес административдик райондогу полиция начальниги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мында бир топтон бери пристав жаткан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Пристав бирдеме- дегени камданып келе жатканда Ыбыке: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Пристав бардык үнү менен: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →