порум

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Көрк, бир нерсенин сырткы көрүнүшү, түрү, келбети.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кылган чоң сөйкө, / Акыректе жарк этип, / Күмүштөн чачпак сегиз бут, / Аркасында шарк этип, / Кулагында коохар таш, / Көз уйалтып жарк этип, / Карашы башка бир порум, / Аркасын карап жалт этип, / Күлкүсү сонун келиндин, / Жез комуздай шаңк этип, / Шөкүлөсү томпойуп, / Мойундары койкойуп, / Чачбактын боосу салаңдап, / Тоту к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кийген кийимиң башкача, / Поруму турат кытайча, / Ат жарагы салтыңыз, / Айрыкча турат жалпыңыз, / Атаңыз ким, атың ким? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бойу узун, бели ичке, / Поруму башка көрүнөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тетиги кыргыз Таласта, / Өлүп кеткен Манасча, / Мурункудай кыргыздар, / Намыстын жолун талашса, / Саадагын асып соот кийип, / Самсалап мага жанашса, / Бооз катынын жарамын, / Бойдок кылам уланын, / Боздотомун жубанын, / Порумун бузам булардын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кийим порумуна караганда чоңу мынабу мурдун кыпчып койгондой, таноосу тар, көзү кыйпыйган, чап жаак, кара сур неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →