полифония
- муз. Көп үн катышуучу музыкалык чыгарма, бир эле убакта бир канча өз алдынчалыкка ээ, айырмалуу үндөрдүн айкашып чыгуусу.
- адаб. Адабияттагы көп үндүүлүк, бир убакта бир эле окуяга, бир идеяга байланыштуу ар түрдүү, өз алдынчалыктуу, ар бири өз алдынча негиздүү, олуттуу, а түгүл бирин бири жокко чыгаруучу позициялардын, көз караштардын биримдиги, бир бүтүн сюжеттик системада үн алышуусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.